Бишкекке көчүрүлгөн Баткендин тургундары бийликке кайрылды

Бишкекке көчүрүлгөн Баткендин тургундары бийликке кайрылды

Бишкек шаарына эвакуацияланып келген Баткендин тургундары бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты. Видео кайрылуу 28-сентябрда жарыяланды.  

Баткендин тургуну билдиргендей, алар Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайынын алдында саат 07:00дөн бери күтүп жатышат.

“Үйүбүзгө кетебиз деп саат жетиден бери спорт сарайдын алдында турабыз.  Камчыбек Ташиевдин сөзү боюнча эл кайрадан кайтып жатат. Бизди акысыз Баткенге жеткиребиз деп айтышкан. Эл күтүп жатат. Азырынча бизге унаалар келе элек. Аксакаладар, балдар күтүп турушат.  Унаа берилеби же берилбейби ошону айтып койсоңуздар”, — деди ал.

ӨКМдин акыркы маалыматы боюнча жалпы Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланган. Анын ичинен 18281 жаран (Баткен — 15487, Ош—1332, Жалал-Абад — 383) тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3889 жаран эвакуациялык пункттарда (Баткен облусунда — 680, Ош шаарында— 1628, Жалал-Абад облусунда — 12, Бишкек шаарында — 170, Ысык-Көл облусунда — 137, Чүй облусунда — 1262), — 1701 жаран башка облустардагы тууган-уруктарынын үйлөрүнө чыгып кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>