Кемпир-Абад маселеси: Өзгөндө элдин нааразылыгы күчөп жатат, — депутат

Кемпир-Абад маселеси: Өзгөндө элдин нааразылыгы күчөп жатат, — депутат

Өзгөндөгү (Ош облусу) эки айыл кеңештин депутаттары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Ал жыйында сөз сүйлөп жатып, 4-октябрда президенттин Кемпир-Абад боюнча эл менен жолугушуусу спектакль сыяктуу өткөнүн айтты.

Анын айтымында, Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча элдин нааразычылыгы күчөп жатат.

«Айыл кеңештин депутаттарынын чечими керек деп талап кылгам. Себеби жердин ээси — эл. Биздеги акыркы маалымат боюнча, эки айыл кеңештин депутаттары (суу сактагыч боюнча  — ред.) каршы добуш беришти. Андан тышкары элдин нааразычылыгы күчөп, иш-чара уюштуруп жатса, түнкү саат бирде ошол жердеги адамдарга күч колдонуу менен боз үйлөрүн жыйнап кетишиптир. Өзгөн районунда түзүлгөн кырдаал боюнча ким маалымат берет? Кечээги отурумда айыл кеңештин депутаттары менен кеңешип, чечим чыгаргыла деп тапшырма берилген», — деди ал.

Эскерте кетсек, акыркы кезде коомчулукта Кемпир-Абад суу сактагычынын «Өзбекстанга берилгени» тууралуу сөздөр айтылууда. Аталган маселеге байланыштуу 4-октябрда президент Өзгөндө эл менен жолугушкан. Жолугушууга келген эл суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы экенин билдирген.

«Кемпир-Абад» суу сактагычы Кыргызстандын Ош менен Жалал-Абад облустары чектешкен жерде, кыргыз-өзбек чек арасында орун алган. Былтыр аталган суу сактагычтын жерин Өзбекстанга жер алмашуу жолу менен берилери айтылганда эл ага каршы чыккан.

Кемпир-Абад маселеси: Садыр Жапаров Өзгөнгө барды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>