Маевкада мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылды — видео
20.01.2020 14:35
Аламүдүн районунун Маевка айылындагы “Агрокурулуш” ишканасынын аймагында жайгашкан мыйзамсыз майнинг-ферма табылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Майнинг-ферманы кароодон өткөргөндө криптовалюта өндүрүүчү жабдуулар орнотулган контейнер табылды. 2019-жылы “Агрокурулуш” ишканасы майнингди кошкондо 283 миң кВт/саат электр энергиясын керектеген.
“Түндүкэлектр” ишканасы майнинг-фермага электр энергиясын берүүнү токтотуу жана майнинг-ферманын электр тармагына мыйзамсыз кошулуусуна жол берген Аламүдүн районунун райондук электр тармактарынын кызматкерлерине катаал тартиптик чараларды көрүүнү тапшырылды.
Азыркы учурда Улуттук энергохолдинг тарабынан майнинг-фермалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу механизмдерин түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.