МКК кызматкеринин өлүмү. Ысык-Көл облусунун беш тургуну кармалды — сүрөт

Мамлекеттик күзөт кызматынын (МКК) кызматкери каза болгондон кийин укук коргоо органдары ал ооруканага түшкөнгө чейин сабалган болушу мүмкүн болгон жагдайларды аныктап, беш шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Ысык-Көл облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2026-жылдын 29-июнунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүнөн 2003-жылы туулган Ж. Т. аттуу жарандын каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу каза болгон жаран Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери экенин аныктаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 29-июнь күнү эртең менен саптык тизилүү учурунда ал капыстан эсин жоготуп жыгылган. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген, бирок өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Сөөктү сыртынан кароодо эч кандай оор жаракаттар табылган эмес. Ошол эле учурда көкүрөк тушунда көгалалар жана сыйрылган жерлер катталган. Алардын келип чыгуу жагдайларын тактоо үчүн соттук экспертизалар дайындалды. Ошондой эле өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.
Текшерүү материалдары аймактык тергөөгө караштуулугу боюнча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
22-июлда милицияга Жети-Өгүз районунун 1992-жылы туулган З. Б. аттуу тургуну кайрылган. Ал 11-июндан 12-июнга караган түнү иниси Ж. Т. Ак-Суу районунун айылдарынын биринде сүйлөшкөн кызына барган учурда белгисиз адамдар тарабынан сабалганын билдирген.
Арыз ээсинин айтымында, жабырлануучу болгон окуя тууралуу эч кимге айткан эмес, Бишкекке жумушка кетип, бир нече жумадан кийин каза болгон.





Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө күбөлөр суралып, окуянын болжолдуу катышуучуларынын ким экендиги аныкталган. Алар Ак-Суу районунун беш тургуну болуп чыкты.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
23-июлда Ак-Суу райондук соту 2010-жылы туулган Б. А. жана И. А. карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандады. Ал эми Ч. С., Д. Н. жана С. Н. карата бөгөт коюу чарасын кароо 24-июлга белгиленген.
Кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.
Анара Мамытова