Май айында «Борбор Азия – Кытай» саммити өтөт

Май айында «Борбор Азия – Кытай» саммити өтөт

Быйыл май айында Кытайда Борбор Азия өлкө башчыларынын жана Кытайдын лидеринин биринчи саммити өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, саммитке байланыштуу аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Сианда жолугуу өткөрүп, алдыдагы иш-чарага даярдык көрүү маселелерин талкуулоодо.

«Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Борбор Азия – Кытай» диалог форматындагы тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын 4-жыйынына катышууда.

Мурда маалымдалгандай, Борбор Азия аймагынын жана Кытайдын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун негизги максаты – 2023-жылдын май айында Кытайда өтөрү пландалган мамлекет башчылардын деңгээлиндеги «Борбор Азия – Кытай» биринчи саммитин даярдоо болуп саналат», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, май айында Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат.

ТИМ башчысы Кулубаев кытайлык кесиптеши менен жолугушту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>