Майлуу-Суудагы авария: Чыгым дээрлик 44 млн сомду түздү

Майлуу-Суудагы авария: Чыгым дээрлик 44 млн сомду түздү

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 21-февралдагы жыйынында депутат Талант Мамытовдун “Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан улам муздак суу жана жылуулук берүү тутумдарына келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу тууралуу” 2023-жылдын 19-январындагы № П 204-VII – протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча маалымат угулду.

Депутат Т. Мамытов ушул жылдын 12-январында катуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарында муздак суу жана жылуулук берүү тутумдарына келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу маселеси боюнча шаар тургундары кайрылганын билдирген, ага ылайык азыркы учурда шаардагы социалдык объекттердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук берүү тутумдары оңдоого муктаж, бирок оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана элге чыгымдын ордун толтурууга каражат бөлүп берүүгө шаар бюджетинин күчү жетпейт деп депутат КРнын Министрлер кабинетинин шаардагы социалдык объекттердин жылуулук берүү тутумдарын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана шаар тургундарына келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүү боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуусун талап кылган.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин биринчи орун басары Жибек Дүйшеева белгилегендей, түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепетинен келтирилген чыгымдар алдын ала жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык 43 млн 815 миң сомду түзгөндүгү тууралуу, ошондой эле көрсөтүлгөн чыгымдардын оордун ордун толтуруу боюнча Минфинге тиешелүү протоколдук тапшырма келген. “Азыр бул кат каралууда. Мындан тышкары, Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыз кылууга жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттин эсебинен максаттуу трансферт катары 20 млн сом акча каражаты бөлүнгөн”, — деди Ж. Дүйшеева.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү маалымдагандай, 12-13-январь күндөрү катуу сууктун кесепетинен улам, Майлуу-Суу шаарында таза суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Натыйжада Майлуу-Суу шаарынын инфраструктурасы бузулуп, жергиликтүү тургундарга таза суу, жылуулук берүү токтоп, айрым турак үйлөрдө, мекеме-ишканаларда саркынды суулар агуучу түтүктөр тоңгон.

Ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бүгүнкү күндө Майлуу-Суу шаарында түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери улантылып жаткандыгын маалымдашты.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү берилген маалыматтарды эске алып, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, ошондой эле белгиленген чыгымдардын ордун толтуруу боюнча иштерди тездетүүгө чакырышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>