Ошто медреседе окуган өспүрүмдүн сабалышы: Муфтият үн катты

Ошто медреседе окуган өспүрүмдүн сабалышы: Муфтият үн катты

Муфтият Ош облусунун Ноокат районундагы «Равза» аттуу медреседе окуган 12 жаштагы баланын сабалышына байланыштуу окуя боюнча түшүндүрмө берди.

Муфтият аталган окуяга ар кандай түс берилгенин, ага байланыштуу атайын билдирүү таратууну туура көргөнүн айтып, окуя боюнча ички териштирүү ишин жүргүзүп жатканын билдирди. Ошол эле учурда, сабалган бала окуган «Равза» медресеси алардын карамагында эместигин белгилейт.

Муфтияттын маалыматы боюнча, окуя медреседе болгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ага байланыштуу алар жарандарды, журналисттерди жана блогерлерди такталган маалыматтарды гана бөлүшүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, Ош облустук милициясынын маалыматы боюнча, былтыр декабрь айынын башында, Ноокатта, 12 жаштагы бала катуу сабалып, райондогу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Аны сабаган балдар 12 жана 13 жаштагы төрт өспүрүм экени такталган. Бирок алардын жашы 14кө толбогондуктан, иш жабылган. Ошол эле учурда, алар каттоого алынып, ата-энелерине айып пул салынган.

Милиция аталган бала «Равза» аттуу медреседе окуганын жана медресесинин керектүү уруксат кагаздары болбогондуктан, тиешелүү мекемелерге аны жабуу сунушу менен кайрылганын билдирген.

Ошто өспүрүм катуу сабалып, кылмыш иши жабылды. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>