Майлуу-Суу шаарынын 1966-жылы туулган тургуну Токторбаева Гүлнара Латиповна 2022-жылдын февраль айынан бери байланышка чыкпай, дайынсыз жок болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда Токторбаева Гүлнара Латиповнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: бою 150-155 см, чачы кыска кара түстө, ак жүздүү, дене түзүлүшү орто, оң бутуна аксап таяк таянып басат.
Кийген кийимдери: үстүндө кара-кызыл гүлдүү көйнөк, бутунда резина тапочка болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Токторбаева Гүлнара Латиповна боюнча кандайдыр бир маалымат болсо 03744-5-06-33, 102, 0755-66-62-88, 0558-99-80-81 номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.