Жапырт камоо:  Журналист Эрлан Бекчороев камакта калды

Жапырт камоо:  Журналист Эрлан Бекчороев камакта калды

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы журналист Эрлан Бекчороевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин чыгарды. Ал 20-декабрга чейин СИЗО-1де болот.

Эрлан Бекчороев өзү Садыр Жапаров камакта жатканда адвокаттар Жогорку Соттун азыркы төрагасы Замир Базарбеков менен Бишкек шаардык сотунун азыркы судьясы Шарабидин Токтосунов болгонун эске салды.

«Азыр соттук коллегияда Шарабидин Токтосунов болсо жакшы болмок. Бул кандай адилетсиздик экенин башын карап айтып берет элем. Бир жолу бул тууралуу өзү да айткан. Мен арызданбайм, аялдар темир тор артында отурганда мени коё бергиле деп суранбайм», — дейт Эрлан Бекчороев.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>