Мал уурулук, маяна: А.Бийбосуновго Кеминдин эли көйгөйлөрүн айтышты

Мал уурулук, маяна: А.Бийбосуновго Кеминдин эли көйгөйлөрүн айтышты

Бүгүн, 5-августта ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Чүй облусунун Кемин районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу Кемин районунун Маданият үйүндө өтүп, 300дөн ашык жергиликтүү тургун катышты.

Калк менен жолугушуп, көйгөйлөрүн жеринен чечүү үчүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Бөрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте келишкен.

Бүгүнкү жолугушуу жарандар тарабынан  бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык айтуу менен башталып, сугат иштерине, таза сууга, жол, жер, айыл-чарба жана билим берүү тармагына тиешелүү суроолор берилди.  Укук коргоо тармагына дагы тиешелүү маселелер дагы көтөрүлдү.

Алсак, ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчилеринин биринин ишмердүүлүгү,  милиция кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү, социалдык абалын жакшыртуу, уурулук фактылары боюнча суроолор берилди.

Жарандын суроосуна жооп берген Адылбек Бийбосунов учурда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, коррупциялык иштерди алдын алуу үчүн аймактарда ротация иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле, министрдин биринчи орун басары малдын уурдалышы тууралуу суроого дагы жооп берип, мал уурдалганын билген учурда тез арада милицияга кайрылууну суранды.

«Милиция уурулук фактыларына тиешелүү чараларды канчалык эрте көрсө, кылмыштын бетин тез ачууга мүмкүн болот. Ошондуктан, урматтуу жарандар малды өз алдынча издеп же бир нече күндөн кийин кайрылбай, окуя катталган күнү милицияга тез арада кайрылыңыздар.  Малга да ар дайым көзөмөл  жүргүзүңүздөр», — деди Адылбек Бийбосунов.

Бүгүн жарандардан келип түшкөн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан  ар бир кайрылуу, арыз-даттануу кайрадан текшерилип, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Адылбек Бийбосунов өзү менен кошо келген ИИМдин кызматтарынын жетекчилерине тапшырмаларды берип, жарандардан жеке өздөрү арыз-даттанууларын кабыл алууну тапшырды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Кемин

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>