Баткен: Жоокерлерге өз жанын кыюунун диндеги орду айтылды  

Баткен: Жоокерлерге өз жанын кыюунун диндеги орду айтылды  

Баткен облусундагы №707 ички аскер бөлүмүнүн жоокерлерине облустун дин кызматкерлери жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу 5-августта муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов жоокерлерге өз өмүрүнө кол салуунун шариаттагы орду жана бирөөнө зыян келтирүү боюнча баяндама жасады.

“Адамдын жаны аманат. Аманатка кыянат кылбоо керек. “Ким кайсыл абалда өлгөн болсо, ошол абалда тирилет” деп пайгамбарыбыз айткан. Биз инсандарга эле эмес, жан-жаныбарларга дагы аяр мамиле жасаганды билишибиз керек”, — деп билдирди ал.

Буга чейин Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №27 колонияда бир жоокер өзүн-өзү атып алгандыгы маалымдалган. Анын өлүмү боюнча жоокердин жакындары дагы үн каткан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>