Кыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атады
Малик Аликеевдин сөөгү Таласта жерге берилет
18.01.2023 | 10:27
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы-импровизатор жана комузчу Малик Аликеевдин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылда жерге берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-январда саат 10:00дө Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында өтөт.
Ырчы жана аткаруучу Малик Аликеев 17-январда 54 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал 1969-жылы 6-июнда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Элге «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым» аттуу ырлары менен таанылган. Артында бир уулу калды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом