Акылбек Жапаров ОшМУнун ардактуу профессору болду

Акылбек Жапаров ОшМУнун ардактуу профессору болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысына университеттин бардык мүмкүнчүлүктөрү, атап айтканда, университеттин базасында түзүлгөн жана жарандарга дээрлик бардык медициналык кызматтар көрсөтүлүүчү көп тармактуу клиникалык оорукана көрсөтүлдү.

Белгилесек, көп тармактуу клиникалык ооруканада 60 ашуун адам иштейт, анын кызматкерлеринин 95%ы – ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү.

Жапаров ОшМУ мыкты натыйжаларга ээ болуп жаткандыгына токтолуп, университеттин ишин канааттануу менен белгиледи.

«Ош мамлекеттик университети ишинен үлгү алчу алдыңкы окуу жайы болуп саналат. Келерки жылга карата илимий изилдөө жана стартаптарды колдоого алуу жаатында иштерди күчтөндүрүү зарыл», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Андан соң Жапаров Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин төрагасына көптөгөн республикалык жана эл аралык сынактардын финалисттери саналган университеттин ар кыл факультеттеринин студенттери тарабынан даярдалган стартап долбоорлор тартууланды.

Соңунда Акылбек Жапаровго ОшМУ ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>