Пенсионер мамкызматта иштесе, пенсиясы кыскарышы мүмкүн

Пенсионер мамкызматта иштесе, пенсиясы кыскарышы мүмкүн

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралууда.

Жыйында, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев айтып берди.

Мыйзам долбооруна бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген. Анын ичинде, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген пенсионерлердин пенсиясынын базалык бөлүгүн төлөөнү токтото туруу сунушталууда. Пенсионер мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан кеткенден кийин пенсиянын базалык бөлүгүн кайра ала баштайт.

Ошондой эле, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматта иштеген аял кызматкерлердин пенсияга чыгуу курагын 58ден 60 жашка көтөрүү пландалууда. Бул ишти 2025-жылга чейин этабы менен ишке ашыруу пландалган.

Андан тышкары, жеңилдетилген категориялар боюнча, пенсияга чыгуу курагын пенсияга чыгуунун жалпы белгиленеген курагына ылайык келтирүү сунушталууда.

Эскерте кетсек, пенсиянын базалык бөлүгү үч жашоо минимумунан аз алган пенсионерлерге берилет. Быйыл Кыргызстанда пенсиянын базалык бөлүгү көтөрүлүп, ал жетиштүү стаж менен пенсияга чыккандардыкы (эркектер — 25-жыл, аялдар — 20 жыл) 3 миң 170 сомду түзгөн. Ал эми стажы толук болбогондордун пенсиясынын базалык бөлүгү азыраак болот.

Пенсионер иштесе, Соцфондго акча төлөш керекпи? Соцфонддун жообу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>