Пенсионер иштесе, Соцфондго акча төлөш керекпи? Соцфонддун жообу

Пенсионер иштесе, Соцфондго акча төлөш керекпи? Соцфонддун жообу

Кыргызстанда иштеп жаткан пенсионерлерден Социалдык фондго маянасынан 8%дан кармалат. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Отурумда депутат Арсланбек Малиев «пенсияга чыккан адам иштеп жатса, Соцфондго акча төлөш керекпи же төлөбөш керекпи?» деген суроо узатты.

Суроого Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев жооп берди.

«Пенсияга чыга элек адамдан 10%, ал эми пенсионерден (иштеп жатса — ред.) 8% кармалат. Ал 8% толугу менен пенсиялык фондго кетип, жыл сайын кайра эсептелип, пенсиясына кошулуп турат», — деди ал.

Депутат суроосун тактоо үчүн ал акча «мажбурланып төлөнөбү же өз калоосу менен төлөйбү» деп сурады.

«Мажбурлоо деген сөз туура эмес болуп калат. Мыйзам боюнча төлөш керек», – деди Алиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>