Мамлекеттик кызматкерлер, куткаруучулар жана авиаторлор Министрлер кабинетинин сыйлыктарын алышты

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлери, куткаруучулар жана жарандык авиациянын өкүлдөрү Министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана Кабмин башчысынын ыраазычылык каттарын алышты. Сыйлыктарды Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.
Куткаруу кызматынын кызматкерлери өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга кошкон салымдары үчүн, ал эми авиация тармагынын өкүлдөрү — жарандык авиацияны өнүктүрүү, Кыргызстанды Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер жана авиациялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын киргизгендиги үчүн сыйланышты.
Салтанатта сүйлөп жатып Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономика, социалдык чөйрө жана маданият тармагындагы ийгиликтери мамлекеттик органдарда жана мекемелерде иштеген адистердин эмгегинин аркасында мүмкүн болгонун белгиледи.