КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Мамытов Орусиядагы шайлоого байкоо жүргүзүүдө
19.09.2021 | 13:49
Акыйкатчы Токон Мамытов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууда. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал учурда Екатеринбург шаарында жарандардын шайлоо укуктарынын сакталышына баам салууда.
Акыйкатчы Токон Мамытов менен биргеликте эл аралык байкоочу катары Ламин Дж. Саннех (Гамбия), Алессандро Сваб (Италия), Джоанг Феликс Муки Молапо (Лесото), Тьерри Дим (Швейцарии) катышууда.
Токон Мамытов жана аны коштоп жүргөн адамдар эксперт жана эл аралык байкоочу катары чакырылган. Тагыраагы, акыйкатчы Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькованын чакыруусу боюнча шайлоого байкоо жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом