Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
“Манас” аэропорту менен «Кыргыз темир жолу» ишканасынын каттамдары токтотулду
17.03.2020 | 15:08
«Манас» эл аралык аэропорту коронавируска байланыштуу рейстери убактылуу токтотулган компаниялардын тизмесин жарыялады. Кайсы компаниялар учактарын токтоткону боюнча шилтемени басуу керек.
Буга чейин билет сатып алган жарандар аны кайра өткөрсө болорун аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти. Мындан тышкары 17-марттан тартып «Кыргыз темир жолу» ишканасы жүргүнчү ташыган эл аралык поезд каттамдары да убактылуу токтотулат.
– Поезд № 17/18 Бишкек-Москва
– Поезд № 305/306 Бишкек-Казань
– Поезд № 385/386 Бишкек-Новосибирск
Ал эми өлкө ичиндеги Бишкек – Кара-Балта каттамдары иштей берет.
Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине бир айлык чектөө киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом