“Манас” аэропорту «Qatar Airways» авиакомпаниясы менен кызматташат

“Манас” аэропорту «Qatar Airways» авиакомпаниясы менен кызматташат

«МЭА» ААК Аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев эл аралык «Qatar Airways» авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда эл аралык жаңы авиакаттамдар боюнча тыгыз кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Иш-чарага «Qatar Airways» авиакомпаниясынын аэропорттор тармагын тейлөө боюнча менеджери Нирадж Мутусвами жана аэропортторду тейлөө боюнча аймактык менеджери Иссам Ханафер катышты.

«Дүйнөдөгү эң ири эл аралык авиакомпаниялардын бири «Qatar Airways» биздин эл аралык «Манас» аэропорту менен кызматташууга кызыкдар экени бизди абдан кызыктырат жана кубандырат. Биз аталган авиакомпаниянын тездик менен өсүп жатканын билебиз жана дүйнөдөгү эң жаш авиакомапниялардын бири экенин, эң тез өнүгүп жаткан компаниялардын бири экени тууралуу кабардарбыз. Ошондуктан биздин «МЭА» ААК бардык тармактарда, анын ичинде жүк ташуу боюнча кызматташуу боюнча иштешүүгө кызыктарбыз», деп билдирди Мирлан Кубаталиев.
Ошондой эле эки тараптуу жолугушууда Кыргызстандагы аймактык аэропортторунун долбоорлору жана аларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, «Qatar Airways» авиакомпаниясынын– башкы кеңсеси өлкөнүн борбору Доха шаарында жайгашкан Катар мамлекетинин улуттук авиакомпаниясы. Авиакомпания 150дөн ашык каттамдар боюнча (анын ичинде анын туунду авиакомпаниясынын (Qatar Airways Cargo) багыттары) учууларды аткарат, анын ичинен 100дөн ашыгы эл аралык багыттар:

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>