Манас шаарында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кечээ, 24-майдын кечинде саат 23:40 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин Жалал-Абад облусунун Манас шаарында сел жүрдү. Буга байланыштуу шаарга «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, сел суулары 27 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 4 үйдүн ичине жана бирөөнүн жертөлөсүнө суу кирген. Ошондой эле 7 көп кабаттуу үйдүн короолору жана жертөлөлөрү жабыркаган.
Кесепеттерди жоюу иштерине жалпы 217 адам тартылган. Алардын ичинде ӨКМдин 84 куткаруучусу, шаардык кызматтардын 86 кызматкери жана 47 жергиликтүү тургун бар. Ишке 9 техника, 4 мотопомпа жана бир өрт өчүрүүчү унаа жумшалууда.
Учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылып жатканы айтылды.