Жапаров: Тышкы карызды төлөбөсөк, Кытай объектилерибизди алат

Жапаров: Тышкы карызды төлөбөсөк, Кытай объектилерибизди алат

2021-2032-жылдарга учурдагы тышкы карызды тейлөө жана төлөө боюнча бардык төлөмдөрдүн 83% туура келет. Анын 50%ын Кытай Эл Республикасынын Эксим банкынан алынган насыяларды тейлөө жана төлөө түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү мезгилге кирип жатканыбызды, 2023-жылга тышкы карыздын көпчүлүк бөлүгүн төлөөгө туура келерин кошумчалады.

«Мен эч кимди коркутпайм, бирок карызды төлөй албасак, Кытайдын Экспорт-импорттук банкы башкаруучу компанияны киргизип, ага стратегиялык объектилерибиз өтөт. Биз ушундай моюнга илинген жиптен кутулушубуз керек. Кудай сактасын деп отура бербей, баарыбыз бир туунун астында биригип, бир багытта иштешибиз керек! Көз карандысыздыгыбызды сактап калалы! Мен экономикалык көз-караштан алып караганда туруштук бере алабыз деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров жана кытай компаниялары башка мамлекеттердеги объектилерди башкарууну көзөмөлгө алган мисалдар бар экендигин кошумчалады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>