ФСБ нацисттердин мыкаачылыгын Нюрнбергде ашкерелөөгө жардам берген документтерди жарыяладыКочкор районунда мыйзамсыз атылган тоо эчкинин улагы табылдыДепутат инсульттан кийин кароого муктаж болгон карылардын жакындарына маяна төлөөнү сунуштадыБишкек — Балыкчы поезди 3 жана 4-октябрда кошумча каттамдарды аткаратЛегендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылды
Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун кайда экени белгилүү болду
25.05.2022 | 13:11
Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыковдун кайда экени белгилүү болду. Манасчы Facebook баракчасына жарыялаган сүрөттөн ал Түркиянын Стамбул шаарында экенин көрүүгө болот.
Буга чейин манасчы Дөөлөт Сыдыков “Манас айылынын” айланасындагы чуудан улам үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткен.
Сыдыков өзүнө карата ар тараптан басым жасалып, коркутуу-үркүтүүлөр болгонун айтып, “Манас айылы” этнографиялык комплексинин директору кызматын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген болчу.
Кийинчерээк Дөөлөт Сыдыков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом