Оштогу таза суу көйгөйү: Депутат тендер талашка түшкөнүн айтты

Оштогу таза суу көйгөйү: Депутат тендер талашка түшкөнүн айтты

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында үч күндөн бери таза суу болбой жатканын айтып чыкты.

Ал бул боюнча тендер талашка түшкөнүн белгиледи.

Ош шаарына 5 жыл мурун Азия өнүктүрүү банкынан 5,5 млн доллар каражат бөлүнгөн. Бирок «Госстрой» менен Ош шаардык мэриясы “тендерди мен өткөрөм” деп талашып, бүгүнкүгө чейин таза суу жок болууда. Таза суу боюнча эмнеге тендер өткөрүлгөн жок? Шаар бийлиги 20 суу ташыгыч бар деп айтып жатат, жарым миллион киши жашаган шаарга бул жетишсиз болууда”, — деди Сүйүн Өмүрзаков.

Ошондой эле, депутат Шайлообек Атазов Ош шаарында үч күндөн бери таза суу жок болуп жатканына токтолуп, Чүй облусунда дагы таза суу көйгөйү бар экенин айтты. “Таза суунун жоктугунан улам балдар сарык оорусу менен ооруп жатат”, — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: таза суу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>