Марипов: «COVID-19суз саякаттоо» тиркемеси барлар авиабилетти арзаныраак алса болот — видео

Марипов: «COVID-19суз саякаттоо» тиркемеси барлар авиабилетти арзаныраак алса болот — видео

Авиабилеттердин бааларынын кымбаттыгы тууралуу жарандардан көп кайрылуулар келип түшүүдө. Учурда негиздеме сурабаган үзгүлтүксүз алты каттам жүрүүдө. Ал эми жумасына 80ден ашык чарттердик учактар учууда, аларда негиздеме талап кылынат. Ошол себептен авиабилеттин баасы кымбат. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде өкмөт башчы Улукбек Марипов «Фейсбук» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, маалымат берип жатып билдирди.

«Covid’сиз саякаттоо» тиркемеси көчүрүп, негиздеме жок учса болот.

«Билет баасын чечүү үчүн Орусия менен сүйлөшүп «Covid’сиз саякаттоо» тиркемесин ишке киргиздик, аны көчүрүп, негиздемеси жок учса болот. Азыркы учурда 6 лабораторияны ишке киргиздик, анын төртөө менчик, экөө мамлекеттик. Анализ алуу боюнча жалпысынан 60 даректе иштеп жатат. Жогоруда айтылган тиркемени көчүрүп, ага анализдин жыйынтыгын киргизип алып учса негиздеме талап кылынбай, билеттин баасын арзаныраак алышат», — деп айтты Марипов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>