Маркум кримтөбөл Лимонтинин иниси 2 айга камакка алынды

Маркум кримтөбөл Лимонтинин иниси 2 айга камакка алынды

Лимонти каймана аты менен таанымал болгон маркум кримтөбөл Алмаз Сулаймановдун иниси Марс Сулайманов 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бшкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы 9-октябрда каралып, УКМКнын тергөөчүсү Марс Сулаймановду 4-декабрга чейин камакка алуу өтүнүчүн келтирген. Сот өтүнүчтү канааттандырган.

Марс Сулайманов УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, Лимонти (Алмаз Сулайманов) 2020-жылы 28-мартта Нарында киши колдуу болгон. Аны өлтүргөн Талгат Шамиев маркумдун сөөгүн милицияга унаа менен алып келип, кылмыш жасаганын мойнуна алган. Ал Лимонтини өч алуу максатында өлтүргөнү белгилүү. Лимонти 1998-жылы Талгат Шамиевдин атасын Имангазы Шамиевди (уюшкан кылмыштуу топко кирген) өлтүргөндөрдүн бири болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>