Маркум Сумая боюнча жалган маалымат тараткан жаран табылды (ВИДЕО)

Маркум Сумая боюнча жалган маалымат тараткан жаран табылды (ВИДЕО)

Аксыда жаран WhatsApp социалдык тармагында туура эмес маалымат айтып алгандыгы үчүн Сумаянын жакындарынан кечирим сурады. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милиция билдирди.

Маалыматка караганда, Буга чейин “WhatsApp” социалдык тармагында Аксы районунун Кашка-Суу айылынын элине Сумаяны мисал кылуу менен эскертүү берип этият болууга чакырган үн жазуу тараган. Бул үн жазуу социалдык тармактарда башка тайпаларга да тарап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн.

Жалал-Абад облустук милиция бул үн жазууну жаздырып “WhatsApp” тайпасына тараткан Аксы районунун тургуну 1982-ж.т. К.Ш. экендиги аныктады.

Ал бул үн жаздырууну айыл өкмөттүн элине балдарга көз салуу менен этият болууга чакырып, бирок Сумая тууралуу толук маалымат билбей туруп экспертиза чыкты деп тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, бул туурасында өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан жана Сумаянын жакындарынан кечирим сурады.

Бул факты боюнча  Аксы райондук милиция учурда алдын ала текшерүү иштери жүргүзүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>