Ырысбек Мааткабылов Свердлов районунун тургундарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

Ырысбек Мааткабылов Свердлов районунун тургундарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ырысбек Мааткабылов Свердлов районунун тургундарына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгарылды.

«Биздин округдагы шайлоо процессинин ачык-айкындуулугунан эч кандай күмөнүм жок. Мени колдой турганын билдирген ар бир шайлоочуга ыраазычылык билдирем. Сегиз миң добуш чоң көрсөткүч! Ал эми ар бир добуштун артында жакшыга болгон ишеним, үмүт бар экени талашсыз. Жарандардын ушундай колдоосунун аркасында биз чоң ийгиликтерге жетишип, көптөгөн маанилүү долбоорлорду ишке ашырарыбызга ишенем. Биздин ынтымагыбыз жана биримдигибиз — прогресстин кепилдиги.

Аттиң, программаларыбызды, максаттарыбызды көп элге жеткире албай калдык. Ошондуктан, округдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Баарына каршы» графасы лидер болуп калды», — дейт талапкер.

Мааткабылов кайталап добуш берүү болгон учурда ал өзүнүн программасын шайлоочулардын максималдуу санына жеткирүү үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын белгилейт.

«Мен дагы бир жолу бардык шайлоочуларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. Жараткан ар бир үйгө тынчтык, токчулук берсин!», — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Биринчи Май округу менен Свердлов округунда шайлоочулардын басымдуу бөлүгү «баарына каршы» графасын белгилешкен. Жыйынтыгында «баарына каршы» биринчи сапка чыккан. Бул эки райондо кайрадан шайлоо өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>