Өспүрүмгө кошунасы сексуалдык ыдык көрсөтүп келген. Иш сотко өттү

Өспүрүмгө кошунасы сексуалдык ыдык көрсөтүп келген. Иш сотко өттү

Сокулук районунда жашы жете элек өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды. Кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын декабрь айынан бери кошунасы, жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүп жүргөнүн билдирип, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган окуя боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде (ыплас аракеттер) кылмыш ишин козгогон.

25-апрель күнү жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жана кылмыш иши боюнча дайындалган укуктук экспертизалардын жыйынтыгы менен аталган кылмышка шектүү делип 1980-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ошондой эле ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинде (ыплас аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен айыбы угузулуп, Сокулук райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>