Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыр дээрлик 8%га кыскарган
25.07.2023 | 15:43
Кыргызстанда жумуш менен камсыз болгондордун саны 2 пайызга өссө, былтыр жумушсуздардын саны дээрлик 8 пайызга кыскарган. Бул боюнча Улуттук статистикалык комитетинде айтылат.
Алсак, 2022-жылы 15 жаштан жогорку курактагы жумушчу күчү 2,7 миллион адамды түзсө, анын 2,6 миллиону иштегендер, 131 миңден ашыгы жумушсуздар. Ошол эле учурда 2022-жылы калктын иш менен камсыз болуу деңгээли 2021-жылга салыштырмалуу өзгөргөн жана 57% деңгээлинде калган.
Эркектер арасында жумуштуулук деңгээли 72%га жакынды түздү, бул аялдарга караганда бир кыйла жогору – 43%.
“Жумушсуздуктун деңгээли 4,9% түздү жана 2021-жылга салыштырмалуу 0,4%га төмөндөдү”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом