Садыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандарКыргызстандын 20 мамлекеттик кызматкери Жапонияда жогорку билим алатКазакстандын Коргоо министрлиги казакстандыктарды аскердик техниканын кыймылы тууралуу эскертти
Мас абалда унаа айдаган Сот департаментинин кызматкери иштен алынды (видео)
02.10.2024 | 16:09
Бишкекте мас абалда унаа айдаганы үчүн кармалган Сот департаментинин Чүйдөгү башкармалыгынын кызматкери Азамат Курманбеков кызматтан алынды. Бул тууралуу Сот департаментинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, ал облустагы башкармалыкта сот аткаруучулардын ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген. Аталган окуядан кийин Курманбеков кызматтан бошотулду.
Эскерте кетсек, Азамат Курманбеков Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 1-октябрда кармалган. Наркологиядагы текшерүүдө ал ичимдик ичкени аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом