Масалиев: Казино боюнча мыйзамды күчкө салдыңар!

Масалиев: Казино боюнча мыйзамды күчкө салдыңар!

Жогорку Кеңештин депутаты Апсамат Масалиевге казиного уруксат берүү боюнча мыйзам долбооруна добуш берүү маалында сөз берилбей калган. Мындан улам добуш берилип бүткөн соң төрага Мамытов Масалиевге сөз берди.

Талант Мамытов бул Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмдүн башчысы болуп калды. Ал кишиге талкууга уруксат бергенге эч кандай укугу жок. Конституциянын кайсы жерине жазылганын чечмелеп бере турган киши ушул болуп алды. Уят эмеспи биз чечмелешибиз керек. Ортого жаш жигитти алып чыгып алып… анда болбойт. Конституциялык сот бар. Биз өтө жаман кадам кылдык. Мейли кандай болсо деле өткөрдүңөр… Бирок, кынтыксыз болбой калды. Мен силерден суранат элем, келечекте кичине даярданыш керек”- деди.

Ошондой эле эл өкүлү бул мыйзам долбоору күчкө салуу менен кабыл алынганын сынга алып чыкты.

Бул мыйзам боюнча башында эле айткам, уруксат берүүнү Жогорку Кеңештен алып таштагыла деп. Парламент мынчалык майдаланбаш керек болчу. Тилекке каршы демилгечилер ага түшүнбөй калышты. Ошондо эле Жогорку Кеңештен бүт функцияларды. Ошондо силерге жеңил болмок. Бүгүн болсо күчкө салдыңар! Бул жакшылыкка алып келбейт”- деп сөзүн жыйынтыктады.

Чет элдиктерге Кыргызстандын аймагында казино ойноого уруксат берген  мыйзам долбоору көпчүлүк депутаттардын добушу менен кабыл алынды.

58 депутат “макул”, 9 депутат “каршы” деген добуш беришти.

Бул мыйзам долбоору экономикага чоң салым болот деп өкмөт айтып жатат. 1-2 млрд. сом киреше алып келээри айтылууда. Каражат менен тышкы карыздан кутулуу өңдүү экономиканы көтөрүүгө жумшалары мерчемделүүдө.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>