Бийлик Бегимай Турусбекованын эл аралык сынакка катышуусуна колдоо көрсөтөт

Бийлик Бегимай Турусбекованын эл аралык сынакка катышуусуна колдоо көрсөтөт

Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованы “Central Asia’s Got Talent” сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында аталган министрликтин жетекчиси Азамат Жаманкулов бир түндө интернет жылдызына айланган ырчы Бегимай Турусбекова экөөнүн жолугушуусунда айтылганын Жаманкулов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бегимай таланттуу кызыбызды баарыбыз колдойлу.

Акыркы күндө коомчулукта чоң резонансты жарткан аткаруу жөндөмү жана дарамети абдан жогору Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгына ийгилик каалап, анын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого алып эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганыбызды билдирдик.

Тактап айтканда, Маданият министрлиги Бегимай Турусбекованы “Central Asia’s Got Talent” сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтөрүн, ошондой эле, Казакстанда, Түркияда жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам бере турганынын баса белгиледи.

Ал эми, Бегимай Турсунбекова буга чейин М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик окуу жайын жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетин окуп, аны бүтпөй калгандыгын белгилеп, буга чейин бир катар сынактарга катышып, бирок эч жолу болбой келгенин эскерди.

Бегимай Турусбекованын окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны ийгиликтүү аяктоосуна жардам беребиз”-деп жазды.

 

Бегимай Турусбекова 18-июнь күнү Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында караокеде ырдаганы  элдин алкоосуна алынып, интернет жылдызына айланган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>