Муфтият «матчество» тууралуу билдирүү таратты

Муфтият «матчество» тууралуу билдирүү таратты

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир кары Ракиев баланы энесинин атына каттатуу (матчество) тууралуу пикирин билдирди.

Муфтийдин айтымында, ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланын ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык кылуу муктаждыгы өтө зарыл. Ошондуктан Ислам дини баланын тегин атага таандык кылат.

“Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат урпагы, бардык мамлекеттерде уулга да, кызга да атасынын теги берилип келген. Шарият адамдын акылын, намысын, мүлкүн, тегин, урпагын сактоону максат кылат. Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө балдардын майып төрөлүүсүнөн сактайт. Динибиз ушул себептүү баланын атасы белгилүү болуусун жактайт. Ыйык Куран баланы өз атасынын аты менен чакырууну насаат кылат”, — деди муфтий.

Замир кары Ракиев атасын билбегендер «жети атасын билбеген, жетесиз кул» деп катуу айыпталганын жана кыргызда «тексиз кул» дегенден өткөн оор сөз болгон эместигин белгилейт.

“Улуттук каада-салтыбызда жети атасын билүү деген генеологиялык алтын эреже бар. Бул принцип аркылуу бала өзүнүн тегин таанып билет. Бул өз кезегинде энени басынтуу деген маселе эмес! «Кыргызда кыздын аты улук» деп тегин жерден айтылбаган. Динибизде аялзатынын даражасы канчалык бийик экендиги айдан ачык.

«Матчествого» өтүү баланын психологиялык жактан травма алышына, коом тарабынан басмырланышына алып келет. Биз мусулман катары, жаран катары балдарыбызды аяп-кастарлап, ар кандай күмөндүү кыймылдарга салып берүүдөн сактанышыбыз керек. Мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн”, — деп билдирди муфтий.

Матчество берүү маселеси: Конституциялык соттун түшүндүрмөсү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>