Кыргызстанда абанын булганышына мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы метеорологиялык жабдык ишке кирдиКыргызстандыктардын кирешеси 2026-жылдын биринчи чейрегинде 18,7%га өстүПрофилге чейинки даярдоо: 8-класстар үчүн «Гуманитардык навигатор» программасы киргизилетКыргызстандын туризмине салынган инвестициялар бир жылда дээрлик 8 эсеге өстүБишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоого жабылатЭми «Түндүк» тиркемесинен бардык эмдөөлөр тууралуу маалыматтарды алууга болот
Маяналар көтөрүлдү. Жылына бюджеттен канча каражат бөлүнөт?
05.09.2022 | 11:03
Ушул жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы жогорулады.
Финансы министрлигинин Штаттык сан жана эмгек акы башкармалыгынын башчысы Иса Бакировдун маалыматына караганда, маяна үчүн 5 айга 7 млрд сом керектелет.
«Ал эми жылдык эсеби боюнча 16.8 млрд сом бөлүнөт», — деди Бакиров.
Министрликтин берген маалыматына караганда, 1-августтан тартып бюджеттик сектордогу мамлекеттик жана муниципалдык 58 миңге жакын кызматкердин эмгек акысын жогорулатуу каралган.
Буга чейин президент Садыр Жапаров айлык маянасы көтөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кайрылуу жасаган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика