Мамлекеттин карамагына өткөн мүлк депутаттардын макулдугуз сатылат

Мамлекеттин карамагына өткөн мүлк депутаттардын макулдугуз сатылат

Мамлекеттин карамагына өткөн мүлктү сатууда Жогорку Кеңештин уруксаты талап кылынбайт. Бул тууралуу мыйзам долбоору парламентте каралууда.

Депутат Дастан Бекешевдун айтымында, конфискацияланган, же жаран өз эрки менен өлкөгө берген мүлктү сатууда атайын программа түзүлбөйт. Аны Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзү сатат.

«Менчиктештирүү боюнча мыйзамына өзгөртүү сунушталууда. Ага ылайык стратегиялык объекттерди сатууда гана парламенттин макулдугу талап кылынат. Калган учурда Минкаб өзү сатып, андан түшкөн акча боюнча сайтында маалымат берип коет», — дейт Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, акыркы 2 жылда «кустуризация», уюшкан кылмышка каршы күрөштүн алкагында бир нече жеке менчик объекттер конфискацияланды. Алардын катарында, «Аю» компаниясынын спирт заводу, «Баткен-Комфорт» базары жана Камчы Көлбаевдин мүлктөрү бар.

“Аю” компаниясынын спирт заводу мамлекетке өтүп жатат, — Жапаров

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>