АКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөт
Медицина тармагындагы жумуш орундарынын жарманкеси өтөт
24.04.2025 | 09:33
24-25-апрелде Бишкек шаарында саламаттыкты сактоо тармагындагы бош орундардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги жарыялады.
- 24-апрелде жарманке С.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда өтөт. Дареги: Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 144а.
- 25-апрелде жарманке Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын имаратында өтөт. Дареги: Ахунбаева көчөсү 92. Башталышы: 9:00.
Иш-чаранын максаты – медициналык мекемелерди кадрлар менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана жаш адистерди иш менен камсыз кылуу. Иш-чарага катышуу акысыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом