Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурларыСи Цзиньпин ДКӨнүн ачылышына катышкан жок — себебин КР башчысынын маалымат катчысы айтып бердиРоссиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди«Баары ыкчам өнүгүүдө»: Марат Амираев Кыргызстандагы өзгөрүүлөр тууралууДКӨнүн ачылышында «Бишкек-Аренага» 30 миңге жакын көрүүчү чогулду — сүрөтӨмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу айтты — видео
Мединадан Бишкекке 16 тонна куран келди, – видео
11.09.2020 | 16:55
Мединадан Бишкекке 16 тонна куран келди. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-сентябрда Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарындагы кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келди. Ал китептер Муфтияттын түзүмүндөгү 9 казыятка таратылып берилет.
Куран китептердин жалпы саны 34 миң даана. Китептер диний окуу жайларга жана өлкөдөгү ар бир мечитке бөлүштүрүлүп берилет.
Куран китебин Кыргызстанга алып келүүдө Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев бир катар мамлекеттик мекемелерге, мекендештерге Муфтияттын атынан жеке өзүнүн атынан ыраазычылыгын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом