Пандемиядагы той: Коноктор эки жашты башына желим баштык кийип куттукташты, – видео

Пандемиядагы той: Коноктор эки жашты башына желим баштык кийип куттукташты, – видео

Түркияда үлпөт тойго келген коноктордун бири жаштарды башына желим баштык кийип куттуктады. Үлпөт тойдун видеосу интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. 

Түрк басылмаларынын маалыматына  таянсак, окуя Түркиянын Самсун шаарында  болгон.  Анда Самет жана Эбрү аттуу түгөйлөрдүн үлпөт тою өтүп, коронавирус пандемиясына байланыштуу адам аз чакырылып, санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлгөн.

Бирок буга карабастан  тойго келин тараптан келген коноктор Нермин Ючебаш жана Алтан Ючебаш, өзгөчө санитардык эрежедеги куттуктоосу менен таң калтырган.  Алар башына желим баштыкты кийип анан эки жашты куттуктаган. 

Кийин коноктор мындай кадамын экөөнүнүн өнөкөт оорулары бар экенидиги жана коронавирус жуктуруу алар үчүн чоң коопсуздукту жаратары менен түшүндүрүшкөн.    

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>