«Мейкин Азия» фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы алды

«Мейкин Азия» фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы алды

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн III эл аралык «Мейкин Азия» фестивалынын баш байгесин казакстандык ырчы айым Айна Калмаганбетова жеңди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Баш байгенин ээси Айна Калмаганбетовага 5 миң доллар акчалай сыйлык, «Мейкин Азия» фестивалынын атайын статуэткасы жана диплом тапшырылган.

Фестивалда 1- орунга Руслан Асанкан (Кыргызстан) менен Бегюм Текакпынар (Түндүк Кипр) татыган. Ал эми, Сарвиноз Камалова (Өзбекстан) менен Нада Талевска (Түндүк Македония) 2-орун жана Адилхан Макин (Казакстан) менен Касиет Идирисова (Кыргызстан) 3-орундун ээси болгон.

Ошондой эле Түркиядан келген Жевхер Аксой фестивалдын атайын сыйлыгын алган.

1-орунду багындарган ырчылар 3 миң доллар, атайын статуэтка, диплом, экинчи орун алгандар 2 миң доллар, 3-орундун ээлери 1 миң доллар жана дипломдор менен сыйланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>