Садыр Жапаров Венгриянын премьерин Кыргызстанга чакырды

Садыр Жапаров Венгриянын премьерин Кыргызстанга чакырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Будапешт шаарына болгон иш сапарынын алкагында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды.

Виктор Орбан Садыр Жапаровго чакырууну кабыл алып, Венгриянын башкы улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына арналган майрамдык иш-чараларга катышуу үчүн келгени үчүн ыраазычылык билдирген.

«Ал Садыр Жапаровдун ушул жылдын февралында Венгрияга болгон иш сапары ийгиликтүү болуп, эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө чоң түрткү болгонун эске салды. Февралдагы визиттин макулдашууларына ылайык, бүгүнкү күндө бир катар тармактарда алгылыктуу жетишкендиктер белгиленүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Виктор Орбан кыргыз-венгер кызматташтыгын тереңдетүү тууралуу айтып жатып, Кыргызстан менен Венгриянын элдерин жакындаштыруу үчүн эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз аба каттам ачуу зарылдыгын белгилеген.

Садыр Жапаров Виктор Орбанга өлкөгө сапар менен келип кетүүгө чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирген.

«Экономикалык байланыштарга токтолуп Садыр Жапаров, Кыргызстан үчүн Венгрия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү приоритеттүү багыт болуп саналарын белгиледи. Ушул жылдын беш айында өткөн жылдыш ушул мезгилине салыштырмалуу эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн оң динамикасы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Учурдан пайдаланып Жапаров Виктор Орбанды өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>