Иран Ормуз кысыгын ачуу үчүн АКШга жети шарт койду«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери13-сентябрь: Кыргызстанда абанын табы +33°C чейин ысыйт, тоо этектеринде кыска мөөнөттүү күн күркүрөшү мүмкүн«Бул чындап эле деңгээл»: орусиялык блогер Таластын өзгөргөнүн жогору баалады
Мейкинбек Абдалиевдин ордуна парламентке жаңы депутат келди
19.08.2024 | 15:26
Депутаттык мандатын тапшырган Мейкинбек Абдалиевдин ордуна парламентке Арсланбек Эгембердиев келди.
Белгилүү болгондой, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдалиев жазган арызынын негизинде мандатынан ажыратылган. Ага байланыштуу БШК бош калган мандатты 2021-жылдагы шайлоодо “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын катарында депутаттыкка аттанган Арсланбек Эгембердиевге тапшырды. Ага депутаттык күбөлүк менен төш белги берилди.
Арсланбек Эгембердиев 46 жашта. Буга чейин “АККА-Петролеум” компаниясынын башкы директору болуп иштеген.
https://reporter.kg/zhogorku-keneshten-dagy-bir-deputat-ketti/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом