Мектепке электрондук каттоодон өтүп кайра алмаштырууну кааласа өзгөртсө болот

Мектепке электрондук каттоодон өтүп кайра алмаштырууну кааласа өзгөртсө болот

Буга чейин «Мектепке электрондук кабыл алуу» системасында катталгандар каттоонун экинчи этабында окуу жайды алмаштыра алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Данияр Абдулаизов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, биринчи этапта алар мектеп кичирайонунун аймагында расмий каттоосу бар балдарды каттоого алышмак.

«Эгер ата-энелер кандайдыр бир себептерден улам мектепти алмаштырууну кааласа, анда системада функция пайда болот — өзгөртүү. Бирок бул мектепте бекер орундар болгондо гана мүмкүн. Эгер биринчи этапта каттоодон өтпөсөңүз, анда башка мектепти тандоого туура келет», — деди ал.

Данияр Абдулаизов Бишкектин мектептериндеги 17 миң орундун 5 миңге жакыны толукталганын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>