Алгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — Кубатов
Кыргызстанга бажы алымы жок дагы 10 миң электромобил алып кирүүгө уруксат берилди — МБК
12.08.2026 | 17:50

Кыргызстан бажы алымын төлөбөстөн дагы 10 миң электромобил алып кирүүгө кошумча квота алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) билдирет.
Анын маалыматы боюнча, тиешелүү чечимди Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2026-жылдын 9-июлунда кабыл алган. Ал 17-августтан тарта күчүнө кирет. Ошентип, 2026-жылга карата жалпы квота 15 миңден 25 миң унаага чейин көбөйтүлдү. Тарифтик жеңилдик Кыргызстанга алып келинүүчү «таза» электромобилдерге (ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8703 80 000 3 коду) жана ырааттуу гибриддерге (ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8703 80 000 5 коду) жайылтылат.
Бул жеңилдикти өлкө аймагында туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандары пайдалана алышат.
Квотанын көбөйтүлүшү жарандардын электромобилдерди сатып алуудагы жана алып кирүүдөгү чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берип, өлкөдө экологиялык таза транспорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.