Мектептеги сүрмө топтон бир окуучунун буту сынды

Мектептеги сүрмө топтон бир окуучунун буту сынды

Бишкектеги №38 мектепте окуучу кызды окуучулар сүзүп кетти. Бул туурасында социалдык тармактардын жабык топторунун бириндеги билдирүүнү окуяга күбө болгон мектеп окуучуларынын биринин апасы анонимдүү түрдө жарыялаган.

«Окуучулар сабактан кийин  чыгышкан маалда сүрмө топ болуп,  6-класстын окуучусун бирин  топ балдардын алдында калган. Бала эс-учун жоготуп жатып калган. Аны дароо эч ким байкаган эмес. Бул акыркы жылдардагы экинчи окуя, ага чейин кыздын колу сынган. Эмне үчүн окуучуларды тышка сүрмө топ болуп чыгып баратканын  эч ким көзөмөлдөбөйт? Эмне үчүн балдарды сабактан таратуунун графиктери жок? Бул биринчи жолу эмес,  эмне үчүн эч кандай чаралар көрүлө элек?” — деп суроо салган ата-эненин бири.

Ал ошондой эле окуядан кийин мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы класстарды аралап, окуучулардын баарын телефондорун текшерип чыгып, кандайдыр бир окуяга байланыштуу болсо  видеону өчүр деп мажбурлаганын жазган. Андан тышкары кимдир бирөө окуя боюнча сыртка чыгарып, видео-сүрөт өңдүү маалыматтарды тараткандарды дароо мектептен чыгаарарын эскерткен. Ал эми тез жардам болсо  40 мүнөттө келген.

Бул тууралуу Repopter.kg мектеп жетекчилиги менен байланышканда,  окуя 16-декабрда болгонун тастыктады. Мектеп жетекчилигинин айтуусунда, баланын буту сынган. Бирок ата-энесинин мектепке эч кандай дооматы жок экенин билдирди.  Учурда баланын абалы тууралуу окуу жайдын кабары жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>