USAID Бишкекти ыштан тазалоого жардам берет

USAID Бишкекти ыштан тазалоого жардам берет

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкек шаарын ыштан тазалоого жардам берет. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, 20-декабрда элчи Бакыт Аманбаев АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин администраторунун орун басары Анжали Каур менен жолугушу өткөргөн. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстанга берилип жаткан жардамдардын натыйжалуулугун күчөтүүнүн айланасында пикир алмашуу болгон.

«Бакыт Аманбаев Кыргызстандын өзгөчө жардамга муктаж болгон тармактарын ырааттуу, негиздүү түшүндүрүп, АКШ өкмөтү тарабынан бериле турган жардамдардын баарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана борбор калаа Бишкектин аба ырайын жакшыртууга буруу зарылдыгын белгиледи. Америкалык тарап элчи Бакыт Аманбаевдин сунуштарын колдоо менен өткөн айда АКШнын бийлиги Баткен элине бир учак 8 млн сомдук гуманитардык жардам жеткиргендигин белгилеп, АКШ өкмөтү жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын долбоор баштап, баш калаанын абасын тазалоого жардам берилерин маалымдады», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: USAID – Эл аралык өнүктүрүү агенттиги дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык агенттик. Аталган агенттик АКШнын Өкмөтү тарабынан каржыланып, дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүн сактоо, жакырчылыкты азайтуу, демократиялык башкарууну чыңдоо, табигый кырсыктарды жоюу, жардамга муктаж өлкөлөрдү ар кандай гуманитардык кризистерден чыгарууга көмөктөшүү багытында ири долбоорлорду ишке ашырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>