Кыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдүСадыр Жапаров жеке авто-мектептердин ишине коюлган тыюуну жыл аягына чейин узартты«Манас» аэропортунда 31-август жана 1-сентябрдагы каттамдарга айрым чектөөлөр киргизилетКыргызстандагы мектептерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жекече окутуу программалары киргизилетЧычкан, кир бөлмө, жашыруун төлөм: Ысык-Көлдө эс алуу жайын тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?Ысык-Көлдө театр сүрөтчүлөрүнүн эл аралык лабораториясы өтөт
Мелис Аспеков камакка алынды
09.01.2021 | 14:37
Мелис Аспеков камакка алынды. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлашты.
Маалыматка караганда, Аспеков жана дагы бир активист, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөрдү уюштуруу жана митинг өткөрүү менен опузалап «Кыргыз Темир Жолу» Мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 доллар талап кылышкан.
Ошондой эле УКМК да «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 доллар коркутуп алган М.А. жана У.Д. аттуу адамдар кармалганын кабарлады.
Алар кечээ, 8-январда кармалган.
Азыр сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.
Эгерде жарандарда акча талап кылуу жана коркутуу боюнча ушул сыяктуу фактылар болсо, КР УКМК Коррупцияга каршы кызматынын 0312 66-00-20 жана 0501-66-00-20 (WhatsApp, Telegram) ишеним телефондоруна кабарлап коюуну атайын кызмат өтүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар