Пакистанда студенттер Кыргызстандын дипломдорун таанууну талап кылууда

Пакистанда студенттер Кыргызстандын дипломдорун таанууну талап кылууда

Пакистандын баш калаасы Исламабадда жүздөгөн пакистандык дарыгерлер жана студенттер эки күн катары менен Өзбекстан менен Кыргызстанда алган дипломдорун таанууну талап кылган демонстрацияларга чыгып жатышат.

Медициналык окуу жайлардын эки миңдей бүтүрүүчүлөрү жана студенттери 7-январда Пакистандын Медициналык комиссиясынын алдына чогулушту. Бир күн мурда аларды полиция таяктарды колдонуп, суу чачып тараткан.

Ал эми митингчилер тартип коргоочуларга каршы таш ыргытышты. Айрым демонстранттар кармалып, кийин бошотулду.

Мындан мурда Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстан менен Өзбекстандагы 21 медициналык окуу жайдын дипломдорун «тийиштүү критерийлерге туура келбейт» деген жүйө менен таануудан баш тарткан.

«Кара тизмеге» Кыргызстандагы 15, Өзбекстандагы алты жогорку окуу жай кирген.

Маалыматтарга караганда, 9000ден ашуун пакистандык студент Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Ооганстан, Кытай жана Кубадагы университеттерде билим алып жатышат.

Пакистандын өзүндө медициналык окуу жайларга өтүш кыйын. Ал үчүн студенттер мектепти жакшы баалар менен аяктап, университетке тапшыруу экзамендеринде дагы жогорку бааларды алышы зарыл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>