Бишкек — Балыкчы поезди 3 жана 4-октябрда кошумча каттамдарды аткаратЛегендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды
Мелис Аспековдун иниси бир айга камакка алынды
12.04.2022 | 12:37
Бишкектин Свердлов райондук соту активист Мелис Аспековдун бир тууган иниси Аспек Азамат уулуна карата соттук материалды карады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Аспек Азамат уулуна карата баш коргоо чарасы бир айга – 9-майга чейин камакка алынды.
Буга чейин Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы Аспек уулу алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирген.
Анын үстүнөн Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
Маалым болгондой, Аспек уулу андан Сары-Өзөн базарынан жер тилкесин алууга жардам берем деп 44 миң доллар алган. Аспек уулу ал кишини президент менен байланышы бар экенин, жер тилкесин ала аларына ишендирген. Ал акчаны алгандан кийин арыздануучудан качып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар