Бишкек мэри: Конуштагыларда “дух” бар, этаждагылар ишембиликке чыкпайт (ВИДЕО)

Бишкек мэри: Конуштагыларда “дух” бар, этаждагылар ишембиликке чыкпайт (ВИДЕО)

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров калаанын четиндеги конуштардын биринде элдер менен жолугуп жатып конуш тургундарын мактап, көп кабаттуу үйлөрдө жашаган шаардыктарды сынга алган видеосу социалдык тармакка тарады.

“Конуштун элдерине сый мамиле кылам, Калыс-Ордого бак тиккени, ишембиликке барып калдым, колунда күрөктөрдү ала калып бак тигип, ошол жерден эл алдына чыгып, «бул бактарды алып келдик эми куурап калбасын»- десем, өзүбүздүн үйүбүздөн эки чакадан суу алып келсек да өстүрөбүз деди. Мына ушундай “духтары” бар да. Борбор жакта, кабат үйлөрдө тургандарда мындай “дух” жок. Эшиктин астында ишембиликке чыгышпайт, эки жолу телеканалдар аркылуу чакырдым, үйүнөн чыгып эшктин алдына чыгып тазалап коюшпайт. Баарыбыз эле айылдан келдик да, эшигибиздин алды көгөрүп, таза болсун деп аракет кылабыз, буга көнгөнбүз да. Ушул адатыбызды жайылтышыбыз керек”— деди.

 

15-апрелге чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен элдерди кыдырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>