Бюлетендеги “Баарына каршыга” үндөгөндөр шайлоо фондун түзүп, үгүттөшөт

Бюлетендеги “Баарына каршыга” үндөгөндөр шайлоо фондун түзүп, үгүттөшөт

Шайлоо маалында бюлетендеги “баарына каршы” деген графага добуш берүүгө үндөгөн атайын топ, кадимкидей шайлоо фондунун түзүп мыйзам чегинде үгүт жүргүзөт. Бул туурасында Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков комитет жыйында шайлоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулап жатып билдирди.

“Өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо маалында Бишкек шаарындагы эки округда “баарына каршы” эң көп добуш албадыбы, биз ошол боштуктук мыйзамдаштыралы деп жатабыз. Биз сунуштаган мыйзамга долбооруна ылайык, “баарын каршыга” добуш берүүгө үндөгөн топтор телеканал, радио, сайт жана гезиттерге шайлоо фондунан башка партиялар өңдүү акча төлөп чыгышат”-деди.

Ошондой эле бул мыйзам долбооруна Конституциялык палата чечим чыгарган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, «Баарына каршы» биринчи орунга чыкса, кайталап шайлоо өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>